• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Күч түзүмдөрү Ак үйдү тегерете курчап турат (видео)

5 Тогуздун айы 202023:41 Бишкек Govori.TV

Борбордук «Ала-Тоо» аянтында чогулган эл Бишкектин ар кайсы көчөлөрүндө жүрүшөт. Буга чейин митингге чыккандардын айрым бөлүгү Ак үйгө бет алып, имараттын айланасына кирүүгө аракет кылышкан. Саат 23:30га карата Ак үйдү тегерете күч түзүмдөрү курчап турганын көрүүгө болот.

Белгилей кетсек, Бишкектин Ала-Тоо аянтында парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылган митинг өтүп жатат. Саламаттык сактоо министрлигинин 22:00гө берген маалыматы боюнча, митингден жабыркап ооруканага 16 адам түшкөн.

Количество просмотров: 386