• Жекшемби 12 Бугу 2024
  • Воскресенье 12 Май 2024

Көчмө добуш берүү жараяны өтүп жатат

27 Жетинин айы 2021 11:14 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда бүгүн, 27-ноябрда көчмө добуш берүү жараяны өтүп жатат. Борбордук шайлоо комиссиясы алдын ала тапшырылган арыздын негизинде 13 396 адам добуш бере турганын билдирди.

«Кыргыз Республикасынын президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо тууралуу» конституциялык мыйзамдын 33-беренесине ылайык, добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүгө шайлоочулардын тизмесине кирген, бирок добуш берүү үчүн шайлоо участкаларына келүүгө ден соолугуна же майыптыгына байланыштуу келе албаган шайлоочулар добуш берүүгө укуктуу», — деп жазылган маалыматта.

Количество просмотров: 88