• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Көчмөндөр оюндарына 77 өлкөдөн 3 миңден ашык спортчу келди

2 Аяк оона 201821:05 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 02.09.18 Govori. TV

Ысык-Көлдө үчүнчү Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары өтүп жатат. Быйылкы оюндарга 77 өлкөдөн 3 миңден ашык спортчу келди. Этно оюндардын расмий ачылыш салтанаты Бактуу-Долоноту ат майданында башталды.

Жаштар иштери, маданият жана спорт агенттигинин директору Канат Аманкуловдун айтымында, ушул күнгө чейин оюндарга катышуу үчүн 66 мамлекеттен жана Орусиянын он бир субъектисинен 1556 киши арыз берген. Оюндардын программасына спорттун 37 түрү киргизилди.

Маалыматка караганда, быйылкы жылы 594 медал ойнотулат. Анын 174ү алтын, 173ү күмүш, 247си коло. Быйылкы оюндардын жалпы байге фонду 28 миллион сом деп эсептелди.

Количество просмотров: 11