• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Көчмөндөр оюндарынын ачылышына 4 мамлекеттин башчылары катышат

23 Баш оона 2018 9:32 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 23.08.2018. Govori.TV

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине төрт мамлекеттин президенттери катышат. Бул туурасында 22-августта Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков маалымат жыйынында билдирди.

Сыдыковдун айтымында, III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине Азербайжандын, Казакстандын, Түркиянын, Өзбекстандын мамлекет башчылары, ошондой эле Венгриянын өкмөт башчысы келет.

«Учурда жогорку даражалуу коноктордун жана чет элдик делегациялардын визиттерине даярдык көрүү иштери улантылып жатат. III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине дагы кимдер келери кийинчерээк так белгилүү болот», — деди Сыдыков.

Эскерте кетсек, III Дүйнөлүк көчмөндөр оюну быйыл 2-сентябрдан 8-сентябрга чейин Ысык-Көлдө өтөт.

Количество просмотров: 22