• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

К.Джунушалиев: Кызды ала качкан баланын айдоочусу камакта (видео)

4 Кулжа 2018 14:52 Бишкек Govori.TV
Бишкек.04.06.2018. Govori.TV

«Бурулайды ала качкан баланын айдоочусу Сейтов Акмат Умарович азыркы учурда кармалып эки айга камакка алынды. Марсбек Бөдөшев болсо ооруканада кайтарылууда. Бул туурасында ички иштер министри Кашкар Джунушалиев бүгүн 4-июнда Бурулайдын өлүмүнө байланыштуу чукул жыйында билдирди.

Эске салсак,  27-май күнү 30 жаштагы Марс Бөдөшев 19 жаштагы Бурулай Турдали кызын үй-бүлө куруу максатында ала качып бара жатып, Жайыл РИИБи тарабынан кармалган. Андан соң, милиция бөлүмүнө жеткирилген. Ал жерден жигит кызга, андан кийин өзүнө бычак сайып, оор абалда экөө тең ооруканага түшкөн. Кыз алган жаракатынан улам көз жумган.

Количество просмотров: 25