• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

«Көгүштөрдү» колдогон деле кесиптештерибиз бар. Эки депутат айтыша кетти

4 Жалган куран 2021 12:32 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 4-мартта Жогорку Кеңештин жыйыны өтүп жатат. Анын жүрүшүндө депутат Дастан Бекешев Башкы прокуратурага жана президенттин парламенттеги өкүлүнө кайрылды.

«1 ай мурда УКМК 4 баланын энесин кармаган, коррупционер деп. Мен Жылдыз Чодубаева жөнүндө айтып жатам. Кечээ анын апасы келген. Күрөө төлөгөнгө акчабыз жок дейт. Күйөөсү болсо айдоочу экен. Ушуну өлкөдөн чыкпоо жөнүндө тил кат менен же үй камагына чыгарса туура болмок.

Мен коррупцияга каршы күрөшүү саясатын түшүнбөй калдым. Акчасы бар кишилер үйдө, жеке менчик клиникада жатышат. Бийликке каршы митинг уюштуруп, ошол жерде биздин коллегалар жүрөт. Президенттин саясатын мактап, элге барып башка маалымат берип жатышат. Өзү «мен коррупционермин» деп айтып жатса, булар бийликке каршы чыгып жатышат. Түшүнбөй калдым таптакыр. Бийлик менен мамилеси жакшы, ошол эле маалда элге башка маалыматты берип жатышат, коррупционерди коргоп. Бул туура эмес», — деди Бекешев.

Буга жооп катары депутат Тиллаев «Ким кандай митингге чыгат өзүнун укугу. Ал эми айрым депутаттарыбыз гейлер менен «көгүштөрдү» колдоп митигге чыгып журөт. Ошондуктан бири-бирибизге асылбайлы”, — деп жооп берди.

Количество просмотров: 113