• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жыл ичинде өлкөдө күйүүчү-майлоочу майдын түрлөрү кымбаттады

18 Аяк оона 202413:12 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда бир жыл аралыгында күйүүчү-майлоочу майдын бардык түрлөрү кымбаттаганы көрүнүп жатат. Бул Улуттук статкомдун мониторингинен да белгилүү болууда.

Ушуга байланыштуу Кыргызстандын дүйнөлүк рейтингдеги бензинге болгон баа боюнча позициясы да начарлады.

Акыркы маалыматтар боюнча 17-сентябрда АИ-95 бензининин бир литри 74,05 сом, АИ-92 болсо 67,14 сом, ал эми АИ-80 майынын литри 58,98 сом болгон. Дизелдик майдын бир литри 74,88 сомго чыккан.

Жыл ичинде АИ-95 орточо 3,09 сомго, АИ-92 3,87 сомго, АИ-80 болсо 3,09 сомго кымбаттаса, дизелдик майдын наркы 7,59 сомго кымбаттаган.

Былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырганда, ал кезде күйүүчү-майлоочу майдын баалары бир аз арзан эле.

Количество просмотров: 102