• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Күйүүчү май кымбаттайт

9 Жалган куран 202212:43 Бишкек Govori.TV

Доллардын кымбаттаганына байланыштуу күйүүчү майдын баасы жогорулайт. Бул тууралуу Кыргызстандын Нефтетрейдер ассоциациясынын жетекчиси Канатбек Эшатов «Биринчи радионун» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, күйүүчү-майлоочу май жеткирүүчү келишимдер доллар менен түзүлөт.

«Доллардын 1 сомго өскөнү бензиндин литрин 60 тыйынга кымбаттатат»,-деди Эшатов.

Белгилей кетсек, Бишкектеги май куюучу жайларда АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин орточо баасы 61,2 сомду түзөт. Ал эми дизель майынын орточо баасы 62,0 сомду, суюлтулган газ 34,7 сомду түзүүдө.

Количество просмотров: 199