• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

Күйүүчү май кымбаттайт

3 Аяк оона 2021 13:36 Бишкек Govori.TV

Сентябрда Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы орто эсеп менен 1 сом 20 тыйынга кымбатташы мүмкүн. Бул туралуу Govori.TVга «Кыргызстандын нефтетрейдерлер» ассоциациясынан билдиришти.

«Сентябрь айынан тарта жергиликтүү нефтетрейдерлер күйүүчү майды пошлина менен ала башташат. Россиядан товарга буюртма берип жатканда ар бир тоннасына 19,3 доллардан кошулат. Нефтетрейдерлер Энергетика жана өнөр жай министрлигине индикатордук баланста нефть продуктуларынын көлөмүн көбөйтүү өтүнүчү менен кайрылган. Министрлик Орусиянын аталган министрлигине көлөм боюнча билдирүү жөнөткөн. Бирок Орусия өздөрүнүн ички рыногундагы май тартыштыгын эскертип, көлөмдөрдү кайра кароодон баш тарткан. Биз мунайзаттарды ташып келүүчү мамлекеттерде ай сайын баалар өсүп жатат. Сентябрда күйүүчү майлардын баасы орточо эсеп менен 1 сом 20 тыйынга көтөрүлүшү мүмкүн», -деп билдиришти «Кыргызстандын нефтетрейдерлер» ассоциациясынан.

Бирок «Кыргызстандын нефтетрейдерлер» ассоциациясы күзгү оруп-жыйуу жана айдоо иштери маалында күйүүчү май тартыштыгы болбойт деп ишендирүүдө. Учурда Кыргызстандагы күйүүчү май кампаларында жетиштүү өлчөмдө бензин жана дизелдик отундун запасы бар.

Кошумчалай кетсек, Кыргызстан бир жылда 1 млн 200 тонна күйүүчү-майлоочу май керектейт. Анын 1 млн тоннага жакыны Орусиядан алынып келинсе, 200 тоннасын ички өндүрүүчүлөр чыгарат.

Количество просмотров: 708