• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Күйүүчү май ташыган унаа өрттөнүп, айдоочусу каза болду

22 Кулжа 2022 10:40 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абадда күйүүчү май ташыган унаа өрттөндү. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, бүгүн, 22-июнда таң эрте саат 6:07де жол жээгинде автоунаа күйүп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

«Тактап айтканда,Таш-Көмүр шаарынын Бишкек – Ош автоунаа жолунун 448 чакырымында күйүүчү май ташуучу автоунаасы маркасы, өңү болжол менен ак түстөгү Вольво жолдун четине чыгып, өрттөнгөн. Баллону атып кетип, жарылган унааны өрт каптап айдоочусу каза болгон.

Кырсык катталган жерге Таш-Көмүр шаардык №57 ӨКБнын өрт өчүрүүчү-куткаруучулары саат 6:30да өрттү чектөөгө алып, саат 7:56да толугу менен өчүрүшкөн», — деп айтылат маалыматта.

Болжол менен алдыңкы баллону атып кеткендиктен автоунаа өрттөнгөн.

Количество просмотров: 126