ӨКМдин Өрттү көзөмөлдөө боюнча кызматы өрт кырсыгынын алдын алуу максатында Бишкекте рейд жүргүзүүдө. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Рейддин жүрүшүндө күйүүчү жана майлоочу майды мыйзамсыз саткандар аныкталып, жалпысынан 565 литр күйүүчү май конфискацияланды.
ӨКМ өрт коопсуздук эрежесин сактабай, желим бөтөлкөлөргө куюп алып жол жээктеринде саткан жарандарга административдик чаралар көрүлөрүн эскертти.