• Бейшемби 23 Теке 2026
  • Четверг 23 Июль 2026

Күйөөсү бычактаган келиндин жактоочулары Башкы прокуратурага кайрылышты

2 Тогуздун айы 202314:58 Бишкек Govori.TV

Сокулук районунун Селекция айылында күйөөсү бычактаган келиндин жактоочулары окуяга кылдат баа берилиши керектигин айтып, Башкы прокуратурага кайрылышты. Бул тууралуу бүгүн, 2-октябрда өткөн маалымат жыйында белгилүү болду.

Адвокат Индира Саутова төмөндөгүлөргө токтолду.

«Шектүү үй камагындагы шарттарды бузуу менен Аселдин өмүрүнө коркунуч жараткан. Ал буга чейин укук коргоо органдарына кайрылган. Окуя эртең мененки 07:30дар чамасында болгон. Бирок Сокулук райондук ооруканасына саат 10:00дө түшкөн. Ортодо убакыт текке кеткен. Бул убакыт ичинде Асел каза болуп калышы толук мүмкүн эле, бактыга жараша аман калган. Тез жардам чакырса нөөмөт алмашып жатканын айтып, Сокулукка алып баргыла дешкен. Ар бир жагдайга баа берүү өтүнүчү менен Башкы прокуратурага кайрылдык. Азыр жабырлануучунун кесилген мүчөлөрү калыбына келген жок»,-деди ал.

Эске салсак, 20-сентябрда Селекция аймагында жашаган аял мурдагы күйөөсү тарабынан бычакталган. Буга шектүү катары анын 39 жаштагы жаран кармалып, аталган факт боюнча кылмыш иши козголгон. Келиндин кулак-мурду кесилгени кабарланып, коомчулукта кызуу талкуу жаратты. Милиция буга чейин жабырланган келинди ал эркек зордуктап, уруп-сабап келгенин билдирген. Келинге сегиз сааттык операция жасалып, учурда ал Бишкектеги ооруканалардын биринде медиктердин көзөмөлүндө жатат.

Количество просмотров: 138