• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Аялын бычактоого шектелген 39 жаштагы жаран кармалды

20 Аяк оона 2023 15:11 Бишкек Govori.TV

Чүй облусунун Сокулук районундагы Селекция айылында аялын бычактоого шектелген 39 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Окуя тууралуу билдирүү Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө бүгүн түшкөн. Бычактан 1987-жылы туулган Н.А. аттуу келин оор абалда ооруканага түшкөн.

Аталган факт Сокулук районунун ИИБсинде катталып, КР Кылмыш жана кодексинин 130-беренесине («Денеге оор залал келтирүү») ылайык кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектүү делип 1984-жылы туулган Э.А. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда тергөө иштери улантылууда.

Айрым ЖМКлардын маалыматына таянсак, шектүү аялынын бети башын кескилеп, таң атканча кыйнаган.

Количество просмотров: 1021