• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Күйөөсүн өлтүргөн аял өзү милицияга келди

10 Бирдин айы 2021 17:24 Бишкек Govori.TV

Кеминде 45 жаштагы аял өзүнүн 53 жаштагы күйөөсү С.К.ны өлтүргөнүн моюнга алды. Бул тууралуу Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Алдын ала маалымат боюнча, адам өлтүрүү Кеминдеги көчөлөрдүн бириндеги үйдө 2021-жылдын 9-февралынан 10-февралына караган түнү болгон.

“Жубайлар достору менен конокто болушуп, кийин үйүнө келгенде ортолорунда чыр-чыгып, натыйжада аялы күйөөсүнүн башына балка менен бир нече жолу урган. Ал алган жаратынан улам ошол жерде көз жумган. Аял кылмыш күнөөсүн толугу менен мойнуна алган көрсөтмө берген”, — деп айтылат билдирүүдө.

Учурда милиция кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз аракеттерге алып келген жагдайлар териштирилүүдө.

Аталган факт Кемин райондук ИИБдин Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, КР Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголду.

Маалым болгондой, учурда зарыл болгон соттук-медициналык экспертизалардын топтому дайындалып, тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 429