• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Күйөөсү тарабынан аёсуз сабалган келин милицияга арыз жазды

17 Баш оона 2022 13:26 Бишкек Govori.TV

Чүйдө күйөөсү тарабынан токмоктолгон Б.Ф. аттуу аял милицияга арыз жазды. Маалыматты Govori.TVга Чүй ОИИБдин басма сөз кызматынан тастыкташты.

Маалыматка ылайык, жабырлануучу 16-август күнү күйөөсүнө чара көрүүнү суранган. Аталган факты каттоого алынып, тергөө иштери баштаган. Соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

«Жабырлануучу учурда ооруканада дарыланып жатат. Кошумча маалымат берилет»,-деп билдиришти Чүй ОИИБден.

Буга чейин 24.кж сабалган келиндин жакындарына шилтеме берип, анын 4 баласы бар экенин жазган.

Количество просмотров: 1225