• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Бишкектин вице-мэри журналисттин үстүнөн арыз жазды

29 Бештин айы 2021 18:21 Бишкек Govori.TV

Бишкектин вице-мэри Максатбек Сазыкулов журналист Улукбек Карыбек уулунун үстүнөн арыз жазды. Маалыматты Govori. TVга «Эл үмүтү» партиясынын төрагасы Аскар Алмаз уулу тастыктады.

Анын айтымында, журналист борбор калаадагы унаа токтотуучу жайлардагы коррупциялык схемаларды иликтеп, бардык жагдайларды тактоо үчүн унаа токтоочу жайдын кызматкерлери менен вице-мэрге барган.

«Алар мэрге барышканда, Карыбек уулу телефонуна видеого тартып баштаган, ошол маалда вице-мэр телефонду алууга аракет кылып, видеого тартууга уруксат бербей койгон. Андан кийин Карыбек уулунун үстүнөн арыз жазган. Андан кийин Карыбек уулуна чакыруу кагазы берилип, РИИБге, шаардык ички иштер бөлүмүнө жеткирилип, суракка алынбай туруп Ленин райондук сотуна алынып келинди. Биз прокурор менен судьяны күтүп турганда, ага карата кылмыш ишин козгоого же административдик жаза колдонууга эч кандай негиз жок экенин айтышып, бошотушту», — деди ал.

Количество просмотров: 150