• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Карамушкина 3 талапкердин каттоосун жокко чыгарууну талап кылып, БШКга арыз жазды

7 Жалган куран 2022 15:06 Бишкек Govori.TV

Ирина Карамушкина Свердлов районунан үч депутаттыкка талапкерди каттоону жокко чыгарууну талап кылууда. Бул тууралуу БШКнын сайтында маалымдалат.

Маалым болгондой, Карамушкина БШКга арыз жолдоп, Шайлообек Атазов, Аскар Алмаз уулу жана Элнура Алканова 27-февралдагы шайлоо күнү шайлоочуларды сатып алууга катыштыгы бар экенин айткан.

Борбордук шайлоо комиссиясы Ирина Карамушкина берген материалдар текшерүү үчүн Ички иштер министрлигине жөнөтүлгөнүн белгиледи.

Эске салсак, 27-февралда Бишкекте бир мандаттуу эки округда шайлоо өттү. Биринчи Май бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Элвира Сурабалдиева көпчүлүк добушка ээ болду — 47,97 пайыз. Свердлов районундагы шайлоодо Абдурахманхаджи Муртазалиев жеңип чыкты. Ага шайлоочулардын 19,52 пайызы добуш берген.

Количество просмотров: 188