Кыргызстан менен Тажикстанда террордук уюм деп таанылып, тыюу салынган «Талибан» кыймылы эки республиканы тең «өз көйгөйлөрүн диалог жолу менен чечип, эки өлкөгө тең пайда алып келе турган логикалык чечим издөөгө» чакырды. Бул тууралуу Asia-Plus агенттиги кабарлады.
5-июнда Талибандын билдирүүсүн кыймылдын өкүлү Забехулла Мужохид Твиттерге тараткан: “Ислам Эмирлиги (уюм өзүн Ислам Эмираты деп атаган) эки ислам жана боордош өлкөлөрдү көйгөйүн диалог жолу менен чечүүгө чакырат”.
Ошондой эле Забехулло Мужохид өзүнүн кайрылуусунда мындай деп жазган: «Согуштарды зыянга учуратуу боюнча бизде көптөгөн практикалык тажрыйбалар бар, согуштун башталышы жеңил сезилиши мүмкүн, бирок согуштун чыныгы жүрүшү, анын кесепеттери жана жоготуулары алда канча көп болот».