• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Көк-Арт дарыясына чөгүп кеткен 13 жаштагы кыздын сөөгү табылды

18 Чын куран 202123:14 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Көк-Арт дарыясына чөгүп кеткен 13 жаштагы кыздын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Сузак районунда Жалгыз-Жаңгак айылындагы Көк-Арт дарыясына 2008-жылы туулган кыз чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн Жалал-Абад шаардык №58 өрт куткаруу бөлүгүнөн 4 куткаруучу, Сузак райондук №59 Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынан 8 куткаруучу, Сузак райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 2 офицер, жалпы 14 куткаруучу тартылган.

Куткаруучулар жеткенге чейин жергиликтүү тургундар тарабынан кыздын жансыз денеси табылып туугандарына өткөрүлүп берилген.

Количество просмотров: 108