• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Сузакта шахтада эки жаран каза болду

16 Кулжа 202110:15 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы шахта ичинде калган эки жаран көз жумду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Маркай айылынын Өрүктү тилкесинде жайгашкан шахта урап, 2 адам ичинде калып калган.

Куткаруучулар саат 16:58де маркумдардын (1975-жылы туулган, 1977-жылы туулган) сөөгүн шахтадан чыгарып, туугандарына өткөрүп беришкен.

Количество просмотров: 162