• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Сузакта экинчи аял алып, той берген кишиге иш козголду

11 Кулжа 2021 9:48 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунда экинчи аял алып, той берген адамга кылмыш иш козголду. Маалыматты облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан тастыкташты.

Сузактын тургуну жубайы менен ажырашпай туруп, экинчи аялга үйлөнгөнү, тоюнда биринчи келинчеги жана балдары аларды куттуктаганы тартылган видео июндун башында интернетке тараган.

Милиция видео боюнча факт Жазык кодексинин 179-беренеси («Эки жана андан көп аял алуу») менен каттап, сотко чейинки өндүрүш башталган. Шектелген тарап комментарий бере элек.

Количество просмотров: 744