• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

«Көк-Арт» тоннелин казуу иштери аяктады

29 Баш оона 2023 12:20 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандагы эң чоң «Көк-Арт» тоннелин казуу иштери аяктады. Бул тууралуу транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев социалдык баракчасына жазды.

Анын айтымында, узундугу 3890 метрди түзгөн тунелдин түндүк жана түштүк жагынан казылышы (туташтырылышы) аяктап, учурда ал жерде казуу, бекемдөө иштери уланууда.

«Бул туннель «Түндүк-Түштүк альтернативдик жол» долбоорунун алкагында курулууда. Туннель Тогуз-Торо жана Сузак райондорунун чегинде, Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун 334-338-чакырымдарындагы Казарман — Жалал-Абад жол тилкесинде жайгашкан. Туннелдин узундугу 3890 метр, туурасы 10 метр (негизги жол 8,5 метр жана эки тарабында 0,75 метрден кызматтык тротуарлар үчүн каралган), бийиктиги 8,5 метрди түзөт», — деп жазды министр.

Текебаев объект пайдаланууга берилгенден кийин карама-каршы келе жаткан эки оор жүк ташуучу унаанын тыгын пайда кылуу коркунучу жок, эркин өтө алат.

Белгиленгендей, долбоордун баасы 136 млн долларды түзөт, аны толук бүтүрүү 2024-жылдын аягына пландалууда.

Количество просмотров: 49