Бүгүн, 28-январда Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Бишкек-Ош унаа жолунун 132-чакырымында жайгашкан Төө-Ашуу ашуусуна барып, жолчулардан кабар алды.
Министрликтин маалыматына ылайык, министр Сыргабаев Кусеин Көлбаев атындагы тоннелге министрликке караштуу «Өндүрүштүк-инновациялык борбор» тарабынан орнотулган жол кыймылын көзөмөлдөгөн камераларды текшерди.
Ошону менен катар Сыргабаев тоннелдин түндүк жана түштүк тарабын жаз мезгилинде иретке келтирүү, автоунаа токтоочу жайларды куруу, жол чиймелерин жана жол белгилерин жаңылоо боюнча бир катар тапшырмаларды берди.