• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Кыргыз-өзбек чек арасында тоннел казууга байланыштуу 6 кишиге өкүм чыкты

3 Бугу 2023 15:39 Бишкек Govori.TV

Өзбекстандын Фергана облусундагы Риштан районунан Кыргызстанга мыйзамсыз жүк алып өтүү үчүн казылган тоннелдерге байланыштуу айыпталган алты кишинин иши боюнча сот өкүмү чыкты. Бул тууралуу УзА агенттиги кабарлады.

Маалыматка караганда, айыпталуучулардын үчөө 6 жылдан 7 жылга чейинки мөөнөттөргө соттолсо, калган үчөөнүн эркиндигин чектелди.

Өткөн жылы июнда Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматы Риштан районундагы жергиликтүү тургундун үйүнөн Баткен облусунун Кадамжай районуна алып барган жер алдындагы тоннел табылганын билдирген. 10 метр тереңдикте казылган тоннелдин туурасы 1,5 метрди, бийиктиги эки метрди түзүп, 130 метрге созулган. Бийлик тараткан видеодо тоннел жарыктандырылып, көзөмөл камералары орнотулганын, кире беришинде электр менен иштей турган лифт бар экенин көрүүгө болот.

2022-жылы Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасында жалпысынан жер астында казылган мындай төрт тоннел табылган.

Өткөн жылы июнда Өзбекстандын бир катар маалымат сайттары кыргыз-өзбек чек арасында тоннел казып, аткезчилик товар өткөргөндөр боюнча сот чечими чыкканын жазышкан.

vzglyad.uz сайтынын маалыматына караганда, бул уюшкан кылмыштуу топтун сегиз мүчөсүнүн алтоо кыргызстандык болгон. Басылманын макаласында алар 1 миллион доллардан ашуун накталай акчаны Өзбекстандан Кыргызстанга алып бара жатканда кармалып, 6-8 жылга соттолгону жазылган. Анда Кыргызстандын расмий органдары коңшу мамлекетте сот жообуна тартылган жарандары жөнүндө маалымат берген эмес.

Количество просмотров: 68