• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Көк бөрү боюнча республикалык турнир өтүп жатат

18 Жалган куран 201914:45 Бишкек Govori.TV

Бишкек.18.03.2019.Govori.TV.

Бишкекте өтүп жаткан «Нооруз-2019» республикалык турниринин алкагында Оштун «Достук» командасы бүгүн алгачкы оюнун өткөрөт. Анын бүгүнкү атаандашы Чүй облусунун «Четинди» командасы болмокчу.

Эки атаандаштын оюну Бишкек убактысы боюнча 14:30да башталат. Ошондой эле бүгүн «А» тайпасынын алкагында «Бакубат-Талас» жана «Төш-Булак» командаларынын ортосунда оюн өтмөкчү.

Быйыл «Нооруз-2019» турнирине жогорку лигадан алты команда катышууда. Турнирдин былтыркы жеңүүчүсү Талас облусунун «Ынтымак» командасы кечээ алгачкы оюнун өткөрүп, «Бакубат-Таласты» 11:2 эсебинде утуп алды. 

Количество просмотров: 17