• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кыргыз балбандары эл аралык турнирде 3 алтын, 1 күмүш байге жеңишти

1 Баш оона 20259:12 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курума командасынын мүчөлөрү Польшада өтүп жаткан Pytlasinski эл аралык турниринен 3 алтын, бир күмүш медаль жеңишти.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, анын ичинен 63 кг салмак категориясында катышып жаткан Жоламан Шаршенбеков, 60 кг салмак категориясында Акыл Сулайманов жана 55 кг салмак категориясында Акыйкат Күлжигит уулу алтын медаль жеңип, турнирдин чемпиону болушту.

Ал эми 67 кг салмак категориясында катышкан Раззак Бейшекеев күмүш байгеге татыды.

Количество просмотров: 217