28-августта Чолпон-Атадагы ат майданда көк бөрү боюнча Президенттин кубогуна арналган мелдеш башталды. Бул тууралуу дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Мелдеш Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына байланыштуу бир гана лиганын алкагында өтөт. Президенттин кубогуна 14 команда катышууда. Алар: «Ак-Суу», «Алтын-Альянс», «Ак-Илбирс», «Ысык-Ата», «Казарман», «Ала-Арча», «Талас шаары», «Бапа Барскоон», «Бийиктик», «Ичке-Суу», «Асанбек-Ата», «Кара-Ой», «Шахтёр» жана «Чүй-Токмок» командалары.