• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Көк бөрү боюнча президенттин кубогу ноябрда өтөт

17 Аяк оона 2020 15:39 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда жыл сайын өтүүчү улуттук көк бөрү боюнча президенттин кубогу үчүн мелдеш 3-ноябрга белгиленди. Бул тууралуу Улуттук көк бөрү федерациясынын башкы катчысы Кубат Аскарбеков билдиргенин Sputnik агенттиги жазды.

Маалыматка ылайык, федерацияда онлайн-жыйын өтүп, анда мелдешти ноябрь айында өткөрүү боюнча сунуш каралган. Турнир Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда өтөт.

Биз мелдешти өткөрүү боюнча Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин алдындагы спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясына сунуштаганбыз. Мамагенттик, президенттик аппарат жана биздин федерация биргеликте ушул күнгө токтолдук», — деди Кубат Аскарбеков.

Катышуучу командаларды каттоо 20-октябрга чейин жүрөт. 2-ноябрда чүчү кулак тартылып, эртеси күнү мелдеш башталат.

Кошумчалай кетсек, мелдеш жыл сайын 31-августта, Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүндө өтүп келген. Быйыл коронавируска байланыштуу октябрь айына жылдыруу чечими кабыл алынган эле.

Количество просмотров: 90