• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Көк бөрү боюнча республикалык мелдеште Талас району жеңишке жетти

11 Тогуздун айы 202423:45 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 11-октябрда Кара-Кыргыз автоном облусунун 100 жылдыгына жана Талас облусунун 80 жылдык мааракесине арналган көк бөрү боюнча республикалык мелдештин финалдык бөлүгү болуп өттү.

Финалдык беттеште Талас району менен Айтматов районунун командалары беттешип, 7:4 упай артыкчылыгы менен Талас району жеңишке ээ болду.

Биринчи орунду багындырган Талас районунун командасына баш байге — автоунаа ыйгарылды. Ал эми экинчи орунга татыган Айтматов районунун командасына 300 миң, үчүнчү орунду алган Талас районунун 2-командасына 200 миң, төртүнчү орунду ээлеген Чүй-Токмок командасына 150 миң сомдук сертификаттар тапшырылды.

Белгилей кетсек, аталган мелдешке Талас, Чүй, Жалал-Абад облустарынан жалпы 10 команда катышты.

Количество просмотров: 306