КР көк бөрү боюнча улуттук курама командасы Чолпон-Ата шаарында Көчмөндөр оюндарына даярданып жатышат. Бул туурасында ДКО уюштуруучулары билдиришти.
Окуу-машыгуу жыйындарынын I этабы 31- июлдан 13-августка чейин, II этабы 18-31-августка чейин Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өтөт. Ага 12 улакчы, 1 машыктыруучу катышууда. КРнын көк бөрү боюнча улуттук курама командасынын окуу-машыгуу жыйындарын өткөрүүгө Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясы 1 млн 98 миң сом бөлгөн.
Көкбөрү – ат үстүндө ойнолуучу улуттук оюн. Команданын курамы – 12 оюнчу, 1 машыктыруучу, 3 саяпкерден турат. Көк бөрү мелдешине 18 жаштан өйдөкү оюнчулар киргизилет. Оюн эркектер арасында өткөрүлөт. Мелдеште катышуучу курамда 8 оюнчудан кем болбошу керек. Ар бир команда экиден комплекттеги ар кандай түстөгү формага ээ болушу кажет. Алсак, тебетей, өтүк, камчы жана катар номерлүү бирдиктүү форма кирет.