• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Көк бөрүчүлөргө наам ыйгарылды

13 Теке 2020 14:54 Бишкек Govori.TV

Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги кыргызстандык спортчуларга наам ыйгарды. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы Facebook баракчасына жазды.

Ага ылайык, улуттук көк бөрү оюнунун мыктылары Нуржан Мелисбек уулу, Тилек Эсенбаев, Кушчубай Илис уулу жана Нияз Мадалбек уулуна «Эл аралык даражадагы спорт чебери» наамы берилди.

Ал эми Эмирлан Арстанбек уулу, Адилет Абдикалыков (грек-рим күрөшү), Элзар Таиров (оор атлетика), Нурсултан Мелис уулу (кыргыз күрөш) жана Марлис Койгелдиевге (көк бөрү) «Спорт чебери» наамы ыйгарылып, самбо күрөшүнүн балбаны Болотбек Шамырканов да эл аралык класстагы спорт чебери болду.

«Кыргыз Республикасынын Бирдиктүү спорттук классификациясына ылайык, Мамлекеттик агенттиктин буйругу менен «Ардагерлер арасында Кыргыз Республикасынын эл аралык класстагы спорт чебери», «Эл аралык класстагы спорт чебери» жана «Спорт чебери» наамдары спорттун түрлөрү боюнча ыйгарылды», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 137