• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Көк бөрү: «Достук» «Ынтымакты» утуп кетти

9 Бугу 201917:51 Бишкек Govori.TV

Бишкек.09.05.2019.Govori.TV.

Жеңиш күнүнө карата өткөрүлгөн Чолпон-Атадагы көк бөрү турниринде «Достук» командасы атаандашын 1:0 эсебинде жеңип, турнирдин чемпиону аталды.

Эки команда тең бири-бирине катуу каршылык көрсөтүп, тай казанга улак салууга мүмкүнчүлүк бербеди. «Достуктан» Таши Майлыбашев эки мүнөткө жаза мамыга коё берилсе, «Ынтымактан» Аудасбек Мырзабек уулу «Геркулес» аргымагы менен жекеме-жекеден эңип чыкканда аттан кулап түштү.

Экинчи таймда «Достук» көбүрөөк чабуулга чыга баштады. Бирок «Ынтымак» да моюн берген жок. Тең ата оюн көргөзүп, кыл чайнашкан беттеш орун алды. Мындай катуу кармашта эч ким улак сала алган жок.

Үчүнчү бөлүк дагы ушундай чыңалуу менен жүрүп жаткан. 14-мүнөткө келгенде «Достуктун» капитаны Таши Майлыбашев озуп чыгып, атаандашынын тай казанына улак салууга жетишти. Андан кийин эсеп саны өзгөрбөй 1:0 эсеби менен Оштун командасы жеңишке жетти.


Количество просмотров: 16