15-февралда Жалал-Абад шаардык соту блогер Али Эргешевди 13-мартка чейин үй камагына чыгарып, сот залынан бошотту. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБ басма сөз кызматынан тастыкташты.
Маалыматка ылайык, Жалал-Абад ШИИБге 1988-ж.т. М.М. арыз менен кайрылып, 2023-жылдын 24-май күнү саат 15:30 чамасында Э.А. аттуу жаран Жалал-Абад шаарынын сотунун имаратына кирип жатып, Жалал-Абад аймактык сот приставынын талаптарына баш ийбей, кийип турган формасына асылып, погонун жулуп алгандыгын билдирип, мыйзам чегинде жоопко тартып берүүнү суранган.
Бул факты Жалал-Абад ШИИБдин тергөө кызматы тарабынан кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 280- «бейбаштык» беренеси менен катталып, кылмыш иши козголгон.
1995-ж.т. Э.А. тергөөгө келбей жашынып жүргөндүгүнө байланыштуу 2023-жылдын ноябрь айында Жалал-Абад шаардык соту тарабынан шектүүнү бөгөт коюу чарасы сырттан камакка алуу түрү колдонулуп, ага карата издөө жарыяланган.
2024-жылдын 13-февраль күнү «Манас» эл аралык аэропортунда, туугандарын узатып барганда, ИИМдин кырдаал борборуна туташтырылган жүзүн таануучу камералардын жардамы менен издөөдө жүргөн Э.А. милиция кызматкерлери тарабынан кармалып, Жалал-Абад шаарына жеткирилип, шаардык ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Баш коргоо чарасы бүгүн 15-февралда Жалал-Абад шаардык сотунда каралып, үй камагына чыгарылган.
Учурда тергөө амалдары уланууда.