• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

3 жашар кыздын өлүмү: Депутат анестезиологдун абактан чыкканын сындады

1 Бирдин айы 2024 11:56 Бишкек Govori.TV

ЖКнын жыйынында депутат Камила Талиева 3 жашар кыздын өлүмүнө айыпталып кармалган анестезиологдун үй камагына чыкканын сынга алды.

“Бишкек шаардык соту анча оор эмес кылмыш категориясына киргизип коюптур. Наристе, адам өлүп атат, анан канчайча бул оор эмес кылмышка кирет? Баланын энеси кечээ ыйлап президентке кайрылып, өкмөт үйүнүн алдына митингге чыкты”, — деди депутат Талиева.

Эл өкүлү да президент менен төрагага кайрылып, ишти тыкыр көзөмөлгө алууну суранды.

Ал эми депутат Айбек Осмонов кесиптешинин пикирин тең бөлүшүп, бардык стоматологиялык клиникаларды көзөмөлгө алуу керек экенин айтты.

Количество просмотров: 82