• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Жапырт камоолор: Гүлнара Журабаева үй камагына чыкты

12 Чын куран 2023 15:11 Бишкек Govori.TV

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мурдагы мүчөсү, «Кемпир-Абад иши» боюнча камакта отурган Гүлнара Журабаева үй камагына чыгарылды. Мындай чечимди бүгүн, 12-апрелде Бишкектин Биринчи Май райондук соту чыгарды.

Белгилей кетсек, учурда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Кемпир-Абад ишине байланыштуу кармалгандардын баш коргоо чарасы каралып жатат. Соттун чечими менен бүгүн Асия Сасыкбаева, Клара Сооронкулова, Улукбек Маматаев жана Мамбетжунус Абылов үй камагына чыкты.

Эске салсак, өткөн жылдын октябрь айында Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына нааразычылыгын ачык билдирип жүргөн 20дан ашуун саясатчы, активист жана блогер камалган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) алар “Жапырт башаламандык уюштурууга даярдык көргөн» деген шек менен кармалганын билдирген. Кылмыш ишин козгоого саясатчы, активисттердин 22-октябрда Бишкектеги кафелердин биринде өткөргөн жыйыны негиз болгон.

Количество просмотров: 386