• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

“Көк-бөрү” тасмасы Лос-Анжелестеги эл аралык кинофестивалда көрсөтүлөт

30 Тогуздун айы 2018 17:05 Бишкек Govori.TV
Бишкек.30.10.2018.Govori.TV.
Кыргызстандык режиссер Руслан Акундун “Көк-бөрү” тасмасы ушул күндөрү Лос-Анжелесте өтүп жаткан «Asia World Film Festival» эл аралык кинофестивалынын алкагында 30-октябрда көрсөтүлөт. Бул тууралуу иш-чаранын расмий сайтында кабарланды.
Бир күн мурда ушул эле фестивалдын алкагында режиссер Темир Бирназаровдун “Түнкү кырсык” фильми көрсөтүлдү. 24-октябрда Лос-Анжелестин Калвер-сити шаарында башталган кинофестиваль 1-ноябрда жыйынтыкталат.
Быйыл төртүнчү жолу өтүп жаткан иш-чарага катышып жаткан тасмалардын көбү “Оскар” жана “Алтын глобус” сыйлыктарына ат салышып жатышат. Ошондой эле 30-октябрда Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата залкар жазуучунун чыгармаларынын негизинде тартылган үч тасма көрсөтүлөт. «Asia World Film Festival» Жогорку Кеңештин депутаты, режиссер Садык Шер-Нияз тарабынан негизделген.
Количество просмотров: 37