• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Көк-Таштын 4 тургунунун экөөсү үй камагына чыгарылды

17 Үчтүн айы 2020 19:45 Бишкек Govori.TV

Көк-Таш айылында чагымчылдыкка шектелип камакка алынган 4 тургундун экөө үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу камакка алынган Зайнидин Бердиевдин бир тууган агасы Аззамбек Бердиев “Маралга” билдирген.

Маалыматка ылайык, чечим бүгүн, 17-январда Кадамжай районунда өткөн облустук соттун отурумунда кабыл алынган. Ал эми экөө  1 айга камакта калтырылган.

«Экөө чыкты. Улукбек Сапарбаев менен Үсөн Сапарбаев үй камагына чыкты. Зайнидин менен берки Нурбек Сапарбаев камакта калды. Биз адвокаттар менен камакта калган бир туугандарыбызды да бошоткула деп дагы жогорку инстанцияга кайрылабыз», — деп билдирген Бердиев.

Эске салсак, Баткендин Көк-Таш айылынын тургундары Зайнидин Бердиев, Улукбек, Нурбек жана Үсөн Сапарбаевдерди чагымчылдык жасады деген шек менен 11-январда милиция кармаган. Ал эми 13-январда Кадамжай райондук соту алардын баш коргоо чарасын карап, 1 айга камакка алуу чечимин чыгарган.

Количество просмотров: 104