Жети-Өгүз районундагы Көк-Жайык жайлоосунда кичи гидроэлектростанциянын (ГЭС) курулушуна капсула салуу аземи болуп өттү.
Бул иш-чара энергетика инфраструктурасын өнүктүрүү жана аймактын энергетикалык туруктуулугун камсыздоо жаатында маанилүү кадам болуп саналат. Иш-чарага Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Уланбек Далиев, Кыргыз-Россия өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы Артем Новиков жана райондун жашоочулары катышты.
Долбоорго ылайык, Жети-Өгүз суусуна жакын жайгашкан райондук токой чарбасына тиешелүү 5,5 гектар жер аянты 49 жылга “Бишкек Строй Конструкция” ЖЧКсы тарабынан ижарага алынып, 6,7 МВт кубаттуулугундагы ГЭС курулушу пландалууда. Долбоордун жалпы наркы 7,8 миллион АКШ долларын түзөт.
Учурда кичи ГЭС курулуучу жерде жолдорду жана көпүрөлөрдү оңдоо иштери жүргүзүлүп, курулуш аянтына жетүүнү камсыздоо максатында транспорттук инфраструктураны жакшыртуу чаралары көрүлүүдө.