Бишкектин Көк-Жар айылындагы мурунку үйлөрдү бузуу башталган 172-контурдун жашоочулары бүгүн кайрадан мүлкүн коргоого аракет кылышууда. 100дөн ашуун адам ички жолду тосуп, техниканын өтүшүнө жол бербей жатышат.
Демонстранттар президент менен жолугушууну талап кылышууда.
Милиция нааразылык акциясынын айрым катышуучуларын кармады, тургундар кармала баштады.
Буга чейин борбор калаанын мэриясы ал жердеги объектилер өз билемдик менен басып алынган жерлерге курулганын билдирген. Буга байланыштуу тургундарга курулуштарды бузуу тууралуу мурда эскертилген.