• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Көкбөрү боюнча президенттин кубогунда тополоң. 100дөн ашык адам жаракат алган

1 Аяк оона 2023 10:18 Бишкек Govori.TV

Кечээ Ош облусундагы Төлөйкөн ипподромундагы тополоңдун кесепетинен 100дөн ашуун адам жабыркаган. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ооруканада эки адам жатат: алардын бири көкбөрүчү, экинчиси укук коргоо органынын кызматкери. Улакчы тополоңдо эмес, оюн учурунда жаракат алганы такталган.

Ведомствонун маалыматы боюнча, орнотулган медициналык чатырларда дагы 100гө жакын кишиге амбулатордук жардам көрсөтүлгөн.

Оштогу Төлөйкөн ат майданында өлкөнүн эгемендик күнүндө президенттин кубогу үчүн көкбөрү мелдешинин соңунда чыр чыккан. Анда оюндун жыйынтыгына нааразы болгон айрым адамдар талаага чуркап чыгып, калысты ур-токмокко алган.

Улуттук коопсуздук комитетинин башчысы Камчыбек Ташиев чырды иликтөө башталганын, күнөөлүүлөр жазаланарын эскерткен.

«Достук» жана «Ынтымак» командалары чечүүчү беттешүүгө чыгып, жыйынтыгында өлкө башчынын байгесин «Ынтымак» 2:1 эсебинде жеңип алган.

Количество просмотров: 128