Ош шаарындагы милиция кызматкеринин кайрылуусу боюнча бир нече кызматкерге тартиптик чара көрүлдү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, ИИМдин Күзөт кызматынын Ош шаарынын күзөт бөлүмүнүн милициянын старшинасы М.Б. кесиптештери тарабынан психологиялык, моралдык басымга кабылгандыгы тууралуу билдирмесинин негизинде Кыргыз Республикасынын ИИМден атайын жумушчу тобу түзүлүп, кызматтык териштирүү иштери жүргүзүлгөн.
«Жыйынтыгы менен Күзөт кызматынын Ош шаарынын Чыгыш күзөт бөлүмүнүн башчысы жана 7 кызматкер ар кандай тартиптик жазаларга тартылды. Өздүк курам менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, тартип бузууларга, ИИОнун кызматкерлеринин жүрүм-турум этикасына туура келбеген көрүнүштөргө жол бербөө боюнча алдын алуу жумуштары жүргүзүлдү», — деп жазылат билдирүүдө.
Мунун алдында акыйкатчы Жамиля Жаманбаева ага милициянын старшинасы (М.Б.) кесиптештери ыдык көрсөтүп жатканын айтып, арызданганын билдирген. Аял кызматкер жогору кызматта турган кесиптештери ага адепсиз сөздөрдү айтып, жогорку окуу жайда күзөт кылгандар аны башка адамдар менен тааныштырууга аракет кылып, адепсиз видеолорду катуу үн менен коюп көргөн окуялар болгонун билдирген.
Ал бул боюнча арыз жазгандан кийин жетекчилиги басым кылууну күчөткөнүн айткан.