Бешинчи Дүйнөлүк Көчмөндөр оюнунда көкпар боюнча финалда Кыргызстан менен Казакстандын улакчылары ойношуп, казакстандыктар 5:4 эсебинде жеңишке жетти.
Оюн кызуу өтүп жатканда казакстандык 10 номердеги улакчы Улан Байтөреев камчы менен 2 номердеги кыргызстандык улакчы Кубанычбек Султан уулун чапканы чын. Мындан улам социалдык тармакта кызуу талкуу жүрдү.
Улан Байтөрөевдин камчы менен Кубанычбек Султан уулун чапканы төмөнкү видеодо:
Көкпар бүткөндөн кийин саат 14:25дер чамасында Казакстандын Sport+ каналынын башкы редактору Айбек Кабылша кечирим сураган комментарийин жазган. Жазган комментарийине 249 жакты белгисин алган.

Бирок, анын комментарийине тез реакция болгондуктан, бир нече убакыттан кийин ал жазган пикирин өчүрүп салган. Ага карабастан, ал жазган текстин скриндерин социалдык тармактын колдонуучулары сактап калган.

Демек, казакстандык спорт каналынын башкы редактору Айбек Кабылшанын жазганы чын деген тыянакка келдик.