Бишкек.01.02.2019.Govori.TV.
Instagram колдонуучулары Кара-Суу районунун Савай айыл өкмөтүнүн башчысы Мунарбек Сайпидиновдун сүрөттөрүн талкууга алышууда.

Бул сүрөттөрдө кадимки айыл өкмөттүн имаратындагы айыл өкмөт башчысы жумушчу кабинет.

Интернет колдонуучуларды кабинеттин дизайны өзүнө тарткан. Кайыш менен кооздолгон кабинеттин дубалы түнкү клубду элестетет. 28 жаштагы айыл өкмөт башчысы Мунарбек Сайпидинов эки ноутбукта жатканы байкалат.

Өткөн жылы ушул маалда анын кабинетинде бажы кызматынын мурдагы башчысы Раим Матраимовдун сүрөтү илинип турган жана айыл өкмөт башчысы анын сұрөтү чапталган футболкачан сүрөткө да түшкөн.

«Азаттык» радиосунун маалыматына караганда, Мунарбек Сайпидинов Раим Матраимовдун өкүл баласы.