Риодогу сулуу кыз Кореяда да жүрөт. Олимпиадага баргандардын тек жайы
Риодогу сулуу кыз Кореяда да жүрөт. Олимпиадага баргандардын тек жайы
12 Бирдин айы 2018 13:48 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 12.02. 2018. Govori.TV
Түштүк кореянын Пхёнчьян шаарында ушу тапта кышкы олимпиада оюндарында Кыргызстандын атынан чыккандар ким экендиги кызыгууларды жаратууда.
Алия Калыбекова жана тренерлер
Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исмаилова спортчуларды коштоп барган эки УОКтун кызматкери кимдин эсебинен, эмнеге барганынан кызыгып, “Анын бири го вице-премьердин уулу экен, экинчиси кимдир бирөөнүн кызыбы же карындашыбы? Кимдин эсебинен барышты?”,-деп суроо салган.
Ал арада коомчулук ошол алты адамдын бирөө, Эл аралык “Алыш” күрөш федерациясынын вице-президенти Адилет Баяман уулу, ал эми кыз Алия Калыбекова аттуу Улуттук олимпиада комитетинин кызматкери экени белгилүү болду.