• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Күлүйпа Кондучалованын 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өттү

27 Бирдин айы 2021 21:02 Бишкек Govori.TV

“Күлүйпа Кондучалованын ысымы кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөп-чыңдаган, улуттук аң-сезимди жетилткен залкар адамдар, улут аталары менен бир катарда турат», — деп баса белгиледи Президент Садыр Жапаров бүгүн, 27-февралда, көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Күлүйпа Кондучалованын 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарада.

Мамлекет башчысы кылымдарга даңкы артып, аңызга айлана турган жумуштар Күлүйпа Кондучалова апанын тушунда арбын жасалганын айтты.

«Ал кишинин министрлик ишмердүүлүгүнүн алгачкы жемиши катары кыргыз искусствосунун Москвадагы 2-декадасынын ийгиликтүү өткөнүн айтышат. Декаданын чындап эле жогорку деңгээлде өткөнүн кыргыз таланттары багындырган сыйлыктары далилдеп турат. Маселен, 2-декаданын жыйынтыгы менен опера жана балет театрына „академиялык“ статус берилген. 9 киши „Ленин“ ордени, 41 киши „Эмгек Кызыл Туу“ ордени, 86 киши „Ардак белгиси“ ордени менен сыйланган. Залкар актер Муратбек Рыскулов, ай чырайлуу бийчи Бүбүсара Бейшеналиев , туңгуч опера ырчысы Сайра Кийизбаева „СССРдин эл артисти“ наамдарын алышкан», — деп билдирди Президент.

Садыр Жапаров Күлүйпа Кондучалованын ар бир талантты көрө билип, бапестеп таптагандыгынын аркасында «СССРдин эл артисти» ардактуу наамына татыктуу болгондор көбөйгөндүгүнө, саны боюнча салыштырганда 15 союздук республиканын ичинен Кыргызстан үчүнчү орунда тургандыгына токтолду.

«Дүйнөнүн ондогон атактуу театрларында кыргыз искусство чеберлери жараткан ийгиликтердин ар бири Күлүйпа Кондучалованын кажыбас кайраты, талыкпаган мээнети менен байланыштуу. Кылымда бир жаралчу кайталангыс ырчы Болот Миңжылкыевдин Италиянын атактуу „Ла-Скала“ театрында тажрыйбасын өркүндөтүп келиши да Күлүйпа Кондучалованын түздөн-түз эмгеги, камкордугу экендигин айтпай кетүүгө болбойт. Натыйжада,  Болот Миңжылкыевдин үнү дүйнөнүн булуң-бурчунда жаңырды, Ала-Тоонун алтын добуш ырчысы атыгып, ааламды аралады. Ис усство жылдыздары багындырган мындай ийгиликтерди санап олтурсак оголе көп. 1976-жылы Токиодо өткөн вокалисттердин фестивалында булбул үндүү Кайыргүл Сартбаеванын күмүш медалды жеңип келгени, 1978-жылы Гаванада өткөн Бүткүл дүйнөлүк фестивалда залкар комузчу Самара Токтакунованын Баш байгени жеңип алганы, 1976-жылы композитор Калый Молдобасановдун „Саманчынын жолу“ балет-ораториясынын, 1977-жылы кинорежиссер Болот Шамшиевдин „Ак кеме“ көркөм тасмасынын СССРдин мамлекеттик сыйлыгына татыктуу болушу атпай журтту сыймыкка бө өгөн, көңүлүн өстүргөн маданий окуялардан деп белгилөөгө болот», — дейт Мамлекет башчысы.

Садыр Жапаров Күлүйпа Кондучалова апа көзү өтөрдө: «Маданиятты сактагыла, маданиятты сактасаңар кыргызды сактайсыңар», — деп керээз сөз айтканын эске салды.

«Ошол себептен, улуттук маданиятты өнүктүрүү, ал жөнүндө кам көрүү — улутту сактоого, мамлекетибиздин келечеги жөнүндө кам көрүүгө барабар деп кайталагандан тажабаймын. Ошондуктан, XXI кылымдагы кыргыз мууну улуулардын уркун татыктуу уласа экен,  XX кылымдын залкарлары жана алардын замандаштары жараткан албан бийиктикти, асыресе, Күлүйпа Кондучалова энебиз жыйырма жылдан ашуун министрлик кылган доордо жаралган рухий-маданий дөөлөттөрдүн салтанатын кайталаса экен деп тилек кылалы да, күч үрөйлү», — деп баса белг иледи Президент Садыр Жапаров.

Количество просмотров: 162