• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Көлбаевдин иниси Азиялык дзюдо союзунун вице-президенти болуп дайындалды

6 Бугу 201918:57 Бишкек Govori.TV

Бишкек.06.05.2019.Govori.TV.

КР улуттук дзюдо федерациясынын президенти Жолдошбек Көлбаев Азия боюнча дзюдо бирикмесинин вице-президенти болуп дайындалды. Бул тууралуу федерациясынын басма сөз кызматы кабарлаган.

Маалыматка ылайык, Көлбаев Борбор Азиядагы дзюдонун өнүгүүсүнө жооп бермекчи.

Дзюдо боюнча Азиялык союз зоналык 5 бөлүктөн турат. Көлбаев жетектеп баштаган Борбор Азиялык бөлүктүн курамына 7 өлкө кирет, алар: Казахстан, Кыргызстан, Узбекистан, Таджикистан, Туркменистан, Афганистан жана Иран.

Эске салсак, кримтөбөл деп саналган Камчыбек Көлбаевдин бир тууган иниси Жолдошбек Көлбаев КР улуттук дзюдо федерациясынын президенти болуп 2016-жылдын декабрь айында дайындалган.

Количество просмотров: 16