• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Көлбаев түшүндүрүү иштеринен кийин коё берилди

18 Жетинин айы 2022 15:46 Бишкек Govori.TV

Кыргызстан менен Кытайдын чек арасына жакын жердеги (Жети-Өгүз району) “Булат-М” мергенчилик талаасынан кайтып келе жатканда “Карасай” чек ара пунктунан “кримтөбөл” атыккан Камчы Көлбаев (ред: Камчы Асанбек) жана ага жакын санаалаш 10 киши кармалып, аларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин кайра коё берилди. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы кабарлады.

“Текшерүүнүн жүрүшүндө кармалгандар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынан тиешелүү уруксаттары жок чек ара аймагында жүргөндүгү аныкталды. Бул боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, К.Асанбек жана анын жанындагыларга карата административдик камакка алуу боюнча тиешелүү протоколдор түзүлүп, текшерүүнүн жыйынтыгында сегиз даана ок атуучу курал (төрт “Сайга” карабини жана төрт даана “ПМ” жана “Глок” үлгүсүндөгү тапанча) табылып алынган”, — деп айтылат маалыматта.

Теги:
Количество просмотров: 557