• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Көлбаевдин кудасы абактан чыкты

1 Бирдин айы 2024 11:51 Бишкек Govori.TV

Камчы Көлбаевдин кудасы делген Рустам Турдиев абактан чыгарылды. Бул тууралуу Биринчи май сотунун басма сөз кызматынан тастыкташты.

Маалыматка ылайык, чечим 23-январда чыккан, сотко анын баш коргоо чарасын өзгөртүү өтүнүчү менен УКМКнын тергөөчүсү кайрылган.

«Соттун чечими менен УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгынын тергөөчүсүнүн баш коргоо чарасын өзгөртүү жөнүндө өтүнүчү канааттандырылган. Т.Р.Иге карата мурда камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы эч жакка кетпөө тил катына аылмашкан», — деп жазылат маалыматтаю.

Ал эми айрым маалымат каражаттары күч органдарындагы ишенимдүү булактарына таянып, Турдиев мамлекетке 2 миллион доллар төлөп бергенин жазышууда.

Бул боюнча УКМК маалымат бере элек.

Эске салсак, кримтөбөл Камчы Көлбаевдин кудасы Рустам Турдиев 2023-жылдын октябрь айында камалган. Ал уюшкан кылмыштуу топ түзүүгө же ага катышууга айыпталган.

Количество просмотров: 138