“Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери акын Азамат Ишенбековго ырайым берилип, абактан чыкты.
Бул тууралуу президенттин Жарлыгы чыкканы бүгүн 9-апрелде белгилүү болду.
Temirov Live жана “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Азамат Ишенбеков “Массалык башаламандыктар” беренеси менен айыпталып, Бишкектин Ленин райондук сотунун өкүмү менен беш жыл абакка кесилген. Кийинки соттук инстанциялар бул өкүмдү күчүндө калтырган.
Temirov LIVE жана “Айт, айт десе” долбоорлоруна тиешеси бардыгы айтылган 11 журналистти Ички иштер министрлиги 2024-жылы январь айында кармаган. Аларга Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (“Массалык башаламандыктар”) менен айып тагылган.