Gergert Sport компаниясынын ээси Виталий Гергерт эч жакка чыкпоо тил каты менен УКМКнын тергөө абагынан бошотулган.
Бишкектин Биринчи май райондук сотуна анын бөгөт чарасын өзгөртүү тууралуу өтүнүчтү атайын кызматтын тергөөчүсү 30-январда берген.
Эске салсак, Виталий Гергерт 2024-жылы 14-декабрда камакка алынган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча айып тагылууда.